Жогорку технологиялар паркы быйыл 8 миллиард сом киреше алууну пландоодо. Алдыңкы 5-6 жылдын аралыгында бул көрсөткүчтү 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз. Бул тууралуу Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖТПнын кирешеси 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 100 пайызга өсүп, компанияга мүчө болууну каалагандар арбып жатат.
"2022-жыл Жогорку технологиялар паркы үчүн жакшы жылдардын бири болду. Алсак, ЖТП 4,2 миллиард сомдон ашык киреше тапты. Бул мурдагы 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 100 пайызга көп. Анда ишканалар 2,1 миллиард сом ашык киреше алышкан. Жогорку технологиялар паркы быйыл 8 миллиард сом киреше алууну пландоодо. Алдыңкы 5-6 жылдын аралыгында бул көрсөткүчтү 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз. Парк программаларды түзүү, маалымат технологияларын экспорттоо жана интерактивдүү сервистик борборлорду куруу багыттары боюнча иш алып барат. Анын 70 пайызы программа түзүүгө туура келет", — деди Темиров.
Ошондой эле адис паркта былтыр 185 компания иш алып барса, ал эми бүгүнкү күндө ЖТПнын курамында 260ка жакын IT-компания кошулганын кошумчалады.