Радио

Отургузулган көчөттөрдүн 70%ы өстү, жети жылда 90 млн. көчөт тигилет

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Бермет Иманбаева жашылдандыруу боюнча пландарды айтып берди.
Sputnik
2030-жылга чейин отургузулган көчөттөрдүн санын 90 миллионго жеткирүү болжолдонууда. Бул тууралуу Бермет Иманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жалпы 7 миллион көчөт отургузуу пландалган.
"Токой чарба кызматына жылына 15 миллионго чейин көчөт даярдоо планы коюлган. Бул көрсөткүчкө 2026-жылга чейин жетет деген үмүт бар. Жыл сайын көбөйүп турса 2030-жылга чейин 90 миллион көчөт отургузууга болот деген план коюлган. Былтыр отургузулган көчөттөр боюнча күзүндө инвентаризация жүргүзүлүп, 70 пайызы жашап кеткени аныкталган. Мындан ары кайсы мекеме көчөт отургузса аны 3-4 жыл карап, өстүрүүгө милдеттендирилет", — деди Иманбаева.
Ошондой эле ал былтыр 8 миллион көчөт отургузулганын кошумчалады.