БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын сурап-билүү кызматынын 105 кыска номери бүт өлкө боюнча жеткиликтүү болуп калды. Бул тууралуу аталган энергетикалык компаниянын маалымат кызматы кабарлады.
Чалуулар бардык уюлдук жана стационардык байланыш операторлору үчүн бекер.
Ошондой эле мурдагы номерлери да иштеп жатканы белгиленди:
1209 (уюлдук телефондон чалууда акы алынат), 0 772 00 12 09, 0 702 00 12 09, 0 556 00 12 09 (бул номерде WhatsApp бар).
"Сурап-билүү кызматы тыныгуусуз 24 саат режиминде, ошондой эле майрам жана дем алыш күндөрү да иштейт. Операторлор ар дайым чалууларга жооп берүүгө, электр энергиясы менен камсыздоого байланышкан бардык маселелер боюнча ар тараптуу маалымат берүүгө даяр", — деп билдирди "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы.