Радио

Адвокат: педофилдерди кастрациялоо Конституцияга каршы келет

Жактоочу Куватбек Шатманов педофилдерди кастрациялоо мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин айтты.
Sputnik
Кыргызстан суверендүү, адам укугун сыйлаган, негизги байлык катары жарандарын эсептеген мамлекет. Мындай аныктама Конституцияда белгиленген. Андыктан педофилдерди кастрациялоо мыйзам долбоору Баш мыйзамга каршы келет. Бул тууралуу Куватбек Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, педофилдерди бычуу мыйзамы ишке кирсе ар бир кылмышкерге жылына алты миң доллар каражат сарпталышы керек болот.
"Педофилдерди медиктер оорулуу адам катары көрүшөт. Эгер бул аныктамага таянсак, аларды бычуу менен маселе чечилбейт. Мисалы, өлкөдөгү статистикага карасак, бул кылмыштын түрү жылдан-жылга көбөйүп жатканы байкалат. Анан педофилдерди бычууга жылына ар бирине алты миң доллардай каражат кетет экен, эгер бул химиялык бычуу болсо. Ал эми медициналык жол менен кастрациялоо адам укуктарын сыйлаган өлкөгө туура келбейт. Эгер ал кылмышкер эмес экени бир нече жылдан кийин ачыкталып калса, абал кандай болот? Мындай мыйзам Американын айрым штаттарында, Европанын бир-эки өлкөсүндө жана Казакстанда иштеп жатат. Тилекке каршы, эч биринен педофилия менен күрөшүүдө кастрация эффект бергенин көргөн жокпуз. Андыктан башка өлкөлөрдүн жашоо эрежелерин көчүрүп келбей эле, улуттук өзгөчөлүгүбүздү эске алуу менен жазалаш керек. Педофил же жаш балдарды зордуктагандарды өмүр бою абакта кармап, эч кандай амнистияга туш келбей тургандай кылуу кастрацияга караганда туура кадам болот", — деди Шатманов.
Адвокат педофилдерди медициналык экспертизадан өткөрүүдө да тыкыр көзөмөл болушу зарылдыгын кошумчалады.