Акылбек Жапаров маданият тармагына бөлүнө турган каражат көбөйөрүн айтты

Министрлер кабинети бийлик жаш артисттерди чет өлкөгө окууга жөнөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жыйынына катышты.
Өкмөттөн маалымдалгандай, анда министрликтин өткөн жыл ичиндеги ишинин жыйынтыгы жана келе жаткан жылда аткарыла турган иштери каралды. Министрлер кабинетинин төрагасы аталган мамлекеттик органдын стратегиялык мааниси тууралуу айтты. Ошондой эле ал мамлекет маданият тармагын каржылоону пландуу түрдө көбөйтүү ниетинде экендигине токтолду.
Анын айтымында, республикалык бюджеттин эсебинен эки-үч жыл ичинде маданият объектилери курулуп, оңдоо-түзөөдөн өткөрүлөт.
"Жаш артисттерди чет өлкөгө окууга жөнөтүүгө даярбыз. Бул жылы 6,5 миң адамга ылайыкталган спорттук арена жана оор атлетика үчүн зал куруу пландалууда. Мамлекеттик социалдык буюртмаларга 300 миллион сом бөлүнөт", — деди Жапаров.
Мындан тышкары, ал жаштар саясаты боюнча токтолуп, бул дайыма колдоого татыктуу стратегиялык багыт деп белгиледи.
Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий алакасын чагылдырган 16 сүрөт