Бишкекте түндө үйүнөн аялды эки баласы менен өлтүрүп кеткен. Шектүү кармалды

Энеси менен балдарынын денесине бир топ залал келтирилип киши колдуу болгону аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. – Sputnik. Бишкек шаарынын 5-кичи районунда жашаган аялды кызы жана баласы менен өлтүрүп кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык жана Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери барып, энеси менен жашы жете элек балдарынын денесине оор жаракат келтирилип киши колдуу болгону аныкталган.
"Тергөө ыкчам тобу тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Ч.А. аттуу жаран кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, Октябрь РИИБде катталган.
ИИМ ар тараптуу, толук кандуу териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалганын белгиледи.
Сокулукта 17 жаштагы бала адам өлтүрүүгө шектелип кармалды