УКМК Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген киши боюнча маалымат таратты

Кечээ күнү 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген киши УКМКнын Күзөт кызматында 15 жыл иштеген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 37 жаштагы А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.
"Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 16-февраль күнү кечинде 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Милиция бул кылмышка шектүү катары А.Ч.К. аттуу эркек кишини колго түшүрдү. Анын таржымалын материалдан окуңуз.
Бишкекте адам уурдап, 200 миң сом талап кылган деп төрт киши кармалды