Бишкекте 50 жаңы автобус каттамга чыкты

Жаңы транспорттун биринчи партиясы үч маршрут менен каттайт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Кытайдан сатып алынган жаңы 120 автобустун 50сү линияга чыкты. Бул тууралуу мэрия билдирди.
1 / 3

Бүгүн эртең менен Кытайдан сатып алынган жаңы 120 автобустун 50сү линияга чыкты

2 / 3

Транспорт газ менен жүрөт

3 / 3

Жаңы автобус 75 адамды батыра алат. 27 отургуч бар. Салондо уюлдук аппаратты кубаттаган 8 түйүн жана видеокамера бар.

Транспорт газ менен жүрөт.
50 автобустун каттамы:
№ 38 (Аламүдүн-1 — 110-квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт. 37,4 чакырым 7 мүнөттүк интервал менен жүрөт;
№ 42 (12-кичи район — Ала-Тоо кичи район) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт. 49,6 чакырым 7 мүнөттүк интервал менен жүрөт;
№ 48 айланма (Батыш автовокзалы — Чыгыш автовокзалы). 18 чакырым 7 мүнөттүк интервал менен жүрөт. Маршрут №214 микроавтобустук линияны алмаштырды.
Калган автобустар линияга бир нече күндөн кийин чыгат.
Жаңы автобус 75 адамды батыра алат. 27 отургуч бар. Салондо уюлдук аппаратты кубаттаган 8 түйүн жана видеокамера бар.
Бишкек мэриясы жаңы келген 120 автобус кайсы маршрут менен жүрөрүн айтты