Радио

Министрлик дыйкандарды үрөн менен 90%га камсыздай алат

Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскат Асанов өлкөгө Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Кытайдан үрөн алып келинерин айтты.
Sputnik
Айыл чарба министрлигинин негизги максаты — дыйкандарды сертификациядан өткөн, сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу. Ар үч жылда дыйкандар биринчи репродукциядагы үрөн менен камсыздалышы керек. Бул тууралуу Аскат Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда райондордо былтыр таратылбай калган 300 тоннадай үрөн бар.
"2022-жылы атайын республикалык комиссия түзүлүп, үрөн чарбалары текшерүүдөн өттү. Буга чейин үрөн чарба статусу бар жайлардын саны 138ди түзгөн болсо, анын 96сы талапка жооп берет деп белгиленди. Үрөндү министрликтин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо департаменти текшерет. Учурда бул чарбаларга дагы да талаптар коюлуп жатат. Чарбаларда жыл сайын мониторинг жүргүзүлөт. Эгерде талаптарга жооп бербесе дароо үрөн чарбасы статусунан айрылат. Бул жайлар башталгыч, биринчи жана экинчи топтогу чарба болуп бөлүнөт. Ар бир чарбага тиешелүү талаптар коюлат. РФ, Казакстан, Өзбекстандан алып келинген үрөн кошулуп азыр Кыргызстан өзүн-өзү 90 пайызга камсыздай алат. Ал эми биздин үрөн чарбалар дыйкандарды үрөн менен 45 пайызга камсыздай алат. Учурда Россиядан күзүндө алып келинген жаздык үрөндөр бар. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резерв фонду менен биргеликте аларды таратып жатабыз. Учурда арпа, буудай, күн карама, соя, буурчактын үрөндөрү райондордогу Айыл чарба министрлигинин өкүлчүлүктөрүндө берилүүдө. Мисалы, Баткен, Ош облусуна 120 тонна, Сузакка 30 тонна арпанын жаздык үрөнү жиберилди. Россиядан алып келинген үрөн "Айыл банк" жана РСК банкы аркылуу үч жылдык мөөнөткө баштапкы төлөмсүз 4,5 пайыз менен берилет. Жалпысынан үрөн өлкөгө РФ, Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан жана жеке чарбалар аркылуу жаӊы сорттогусу Кытайдан да алып келинет", — деди Асанов.
Ал өкмөт айыл чарба үрөнүнүн бир нече түрүн сатып алууга 1,5 миллиард сом бөлгөнүн кошумчалады.