Түркиядагы кыргыз куткаруучулары издөө иштерин Хатай шаарында улантат

Кыргызстандык куткаруучулар уранды алдында калган беш түркиялык жарандын өмүрүн сактап калды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Зилзаладан жабыркаган түркиялыктарга жардам берүүгө барган кыргызстандык куткаруучулар ишин Хатай шаарында улантмай болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алар бүгүн түрк тараптын атайын кайрылуусу менен аталган жерге жөнөтүлгөн.
“Хатай шаарында да жер титирөөнүн күчү катуу болгондуктан, адам курмандыктары көп экендиги айтылды. Бүгүнкү күндө ал жакта куткаруучулар жетишсиз”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандык куткаруучулар буга чейин Түркиянын Кахраманмараш шаарынын Хайрулла, Он эки шубхат, Баалыжа, Абдулла Шейит жана Ебрар райондорундагы урап түшкөн имараттарында издөө, куткаруу ишин жүргүзүшкөн. Алар жалпысынан беш адамдын өмүрүн сактап, 168 жарандын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.
Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке түшкөн акча кайра 14 млн. сомго чыкты