Радио

Мусаева: кино ааламына "Айыл өкмөтү" тасмасы менен аттандым

Актриса, режиссер Умсунай Мусаева кино ааламына беш жашында келгенин айтты.
Sputnik
Бала чагымдан тасмага тартылып баштаганымды көптөр жолдуулук дешет. Мындай пикирин Умсунай Мусаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ал өзү алты жашында эле келечекте актриса болгусу келгенин билген.
"Менин эрте жашта тасмаларга тартылып калганымды көпчүлүк жолдуулук дешет. Чын эле мага ийгилик эрте жылмайды окшойт. 5 жашымда Эрнест Абдыжапаровдун "Айыл өкмөтү" тасмасында атасын сатып кеткен кыздын ролун жараткам. Андан кийин "Боз салкын", "Уурунун махабаты" кинолорунда да роль аткардым. Келечекте актриса болгум келерин алты жашымда билгем, башында үй-бүлөм каршы болуп, дизайнерликтин окуусуна тапшырдым. Бирок 3-курста таштап салдым. Анткени жан дүйнөм кино деп туруп алды. Учурда жакындарым ийгиликтеримди көргөнгөбү, айтор, мени колдоп калышты", — деди актриса.
Ал кичинесинде үйүндө илинип турган Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү менен сүйлөшө бергенин эстеди.