Педофилдерди толук кандуу эле психикалык жактан оорулуу адамдар десек болот. Алардын 99 пайызы жасаган кылмышын кайра кайталайт. Бул тууралуу Нурбек Моңолов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, педофилдер менен зордукчулдар эки бөлөк кылмышкерлер.
"Учурда педофилдерди кастрациялоо мыйзам долбоору сунушталууда. Мен медик болбосом бул нерсеге макул болор элем, бирок педофилдердин жүрүм-турумун, психикасын адис катары карап туруп, аларды бычып салуу менен көйгөй чечилбесин түшүндүм. Анткени алар өтө акылдуу, керек болсо билимдүү адамдар. Абдан жароокер болушат. Балдар менен ойноп, аларды алдап, анан өз каалоолорун аткарышат. Бала керек болсо учурунда педофилияга кабылганын түшүнбөй да калат. Мындай адамдар көчөдөн кармап алып эле баса калбайт. Туугандардын, жакшы тааныштардын арасынан чыгат. Кадимки эле биз сыйлаган кесип ээлери, керек болсо жогорку даражадагы сыйлуу адамдар болушу ыктымал. Алар акылдуу болгондуктан психиатриялык экспертиза учурунда психиатрды деле алдап кое алышат. Андыктан педофилиянын көп учурларын биз көрбөй деле калабыз. Мындай адамдарды биз кастрация жолу менен токтото албайбыз. Булар балдар менен жыныстык катнашка барганда гана ырахаттана алган, психикасы бузулган кишилер. Анан кантип бычып салуу менен көйгөй чечилсин. Алар жыныс мүчөсү жок деле жаш балдарды кармалап же башка жолдор менен кумарын кандырып алышы ыктымал. Анан ушундай куу, акылдуу адамдарды ким бычат? Хирургбу? Балким тергөөдөн алешемдиктер кетип ал күнөөлүү эмес болсочу? Дарыгер катары мен педофилдерди өмүр бою абакка отургузууну колдойт элем. Аларды оор шартта кармап, жазасын бериш керек. Коомго кайтарып чыгарганда деле алар оңолуп кетпейт, бирок бычуу да бул маселени чечпейт. Ал эми зордукчулдар тууралуу кеп башка. Юриспруденция мына ушул айырмачылыктарды так түшүнүп, аныкташы маанилүү", — деди Моңолов.
Ал химиялык кастрация кымбатка түшөрүн дагы кошумчалады.