Дарыгер көз тартуу кайсы оорулардан кабар берерин айтты

Эгерде көз тартуу үч-төрт күнгө созулса, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Көз тартуу жеңил да, оор да илдеттерден кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу невролог Ольга Голубинская Sputnik радиосуна курган маегинде билдирди.
Дарыгер бул симптомдун кеңири тараган себептерин санап берген.
"Көз тартса, демек, патология бар. Бул өтө жеңил же өтө оор илдеттин белгиси болушу мүмкүн. Мисалы, жөнөкөй нерв оорусу же эпилепсия жана мээдеги шишиктерден кабар берген симптом болуп калышы да ыктымал", — деген Ольга Голубинкая.
Көздүн булчуңдарынын чарчоосу же начар азыктанышы да ушул симптомду жаратары айтылды.
"Туура эмес тандалган көз айнектен карек чарчап, көз тартышы мүмкүн. Бир нерсеге сарсанаа болгон учурда магний менен кальцийдин алмашуусу бузулуп, көздүн булчуңдарына таасир этет. Компьютерде узак убакыт иштегенде да көз чарчап, тартышы мүмкүн", — деп кошумчалаган адис.
Эгерде көз тартуу үч-төрт күнгө созулса, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу сунушталды.
Доктурга эмнеси ооруп жатканын айтуудан уялып... Дарыгердин окуялары