БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өткөн жылы декабрь айында Кыргызстан сыртка 202,1 килограмм алтын соодаласа, анын баарын Гонконг (Кытайдын административдүү району) алып кеткен. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын караган соң жогорудагы жыйынтыкка келүүгө болот.
Былтыр 290,5 килограмм алтын сатылган (13 миллион доллардан ашык акчага).
Алгандардын тизмеси:
Гонконг — 202,1 кг (дээрлик 12 миллион доллар);
Түркия — 83,5 кг (дээрлик 800 миң доллар);
БАЭ — 5 кг (дээрлик 300 миң доллар).
Статкомдо сатып алган өлкөлөр боюнча 2018-жылдан берки маалыматтар ачык жайгаштырылган. Көз салып карап чыкканда былтыр жаңы кардар-мамлекет пайда болгон. Ал — Бириккен Араб Эмирлиги (биринчи сатып алуу август айында жасалган).
Гонконг декабрдагыга чейинкилерин кошпогондо 2021-жылы да (370 кг) алган.
2021-жылы баш-аягы 24,8 тонна (1,4 миллиард доллар) сатылган, бирок арбыныраак көлөм Улуттук банктын алтынына туура келген.
Эске салсак, 2021-жылдын биринчи жарымын кошо эсептегенде Кыргызстан алтынды Улуу Британияга (баалуу металлдардын Лондон ассоциациясы), ага чейин Швейцарияга саткан.