Бишкекте 11 маршрутканын каттамы бир айга өзгөрөт

Мэрия айдоочуларды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте 11 микроавтобустук каттам бир айга өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, Асаналиев көчөсүнүн Лев Толстойдон Московскийге чейинки бөлүгүнө канализация тартылат.
"19-февралдан 19-мартка чейин №222, 260, 107, 204, 227, 176, 161, 133, 136, 135, 134 микроавтобустардын каттамы өзгөрөт", — деди шаардык бийлик.
Мэрия убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырат.
Бишкек мэриясы жаңы келген 120 автобус кайсы маршрут менен жүрөрүн айтты