Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн соң Бишкектеги имараттардын сейсмотуруктуулугу боюнча маселе көтөрүлдү. ЖК депутаты Дастан Бекешев элдин турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруусун сунуштады. Эл өкүлү "уруксат берүүдөгү коррупция, курулушка көзөмөлдүн жоктугу, курулуш бизнесинин либерализацияланышы жер титиреген учурда жаңы "элитканын" баарынын кыйрашына алып келерин" белгилөөдө. Бекешевдин айтымында, Бишкектеги ар бир курулуштун артында кылмыштуу топтун өкүлдөрү же коррупцияга белчесинен баткан аткаминерлер турат.
Жер катуу титиресе Бишкек эмне болот? Ысык-Ата жаракасы өткөн жерге курулган үйлөрдү түрттүрүү керекпи? Жаңы конуштагы үйлөр туруштук бере алабы? Ушул жана башка суроолорду төмөнкү тизмедеги адамдар талкуулайт:
Маматов Жаныбек Ысакович — Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Н.Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору;
Башкы прокуратуранын өкүлү:
Бекешев Дастан Далабайевич — ЖК депутаты;
Саяков Адис Шакильевич — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин мамлекеттик архитектура-курулуш департаментинин улук инспектору;
Калыков Абдижалил Сагынбаевич — Мамкурулуштун сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун башкы адиси;
ӨКМдин өкүлү.
Урматтуу кесиптештер, бардык суроолорду (0553) 28-27-97 Telegram номерине жөнөтүү керек. Модератор аларды түз эфирде узатат.