Акылбек Жапаров быйыл 100 мектеп, бала бакчанын курулушун бүткөрүүнү убадалады

Өкмөт башчынын айтымында, жакынкы үч жылдын ичинде 546 объектинин баары курулуп бүтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров авариялык абалдагы билим берүү мекемелери качан курулуп бүтөрү тууралуу маалымат берди.
"Быйыл курулушу 50 пайыздан өткөн мектеп, бала бакчаларды бүтүрөбүз. 65 мектепти тактап чыктык, дагы 35-40 мектепти тактап жатабыз. Жакынкы 10 жылдыкта демографиялык чыңалуу болот, жылына 24 жаңы мектеп куруп турушубуз керек. Ошону да эске алып жатабыз", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле ал жакынкы үч жылдын ичинде курулушу башталып калган жана авариялык абалдагы 546 объектинин баарын куруп бүткөрүүнү убадалады.
Төрага Шакиев университет, мектептерде сабактардын санын кыскартууну сунуштады