Радио

Тиштин генетикасын өзгөртсө болот. Стоматологдун түшүндүрмөсү

Борбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов адамдын тишинин сапаты генетикасына байланыштуу болорун айтты.
Sputnik
Тиш да сапаты жагынан баланын атасынын же апасынын тишин тартат. Башкача айтканда, тиши мыкты эки адам үйлөнсө, балдарынын да тиштери таза, бекем болот. Бирок ата-эненин тишинин сапаты начар учурда деле аны жакшыртуу мүмкүн. Бул тууралуу Нургазы Каримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мөмө-жемиштерди кеспей тиштеп жеген пайдалуу.
"Менин тишим начар, баламдыкы мени тарткан деп жүрө бербей тиштин сапатын жакшыртса болот. Ал үчүн баланын тиши чыккандан баштап кам көрүлүшү керек. Башкача айтканда, сүт тиштерин таза кармап, түбөлүк тиштерине да аяр мамиле жасоо менен жылына эки ирет дарыгерге көрсөтүп туруу зарыл. Ошону менен катар эле алма, сабиз жана башка жашылча, мөмө-жемиштерди тиштеп жеген пайдалуу. Бул тиштин эмалын бекемдеп, бүйлөлөргө массаж болот. Ата-эне баласынын тишине кам көрүүнү өзүн-өзү багып калганга чейин улантып, анан киши да өз алдынча тиштеринин сапатына көңүл бөлө жүрсө, мындай үй-бүлө мүчөлөрүнүн начар тиштери да муун алмашкан сайын жакшырып жүрүп отурат. Жыйынтыгында тиштин начар генетикасы өзгөрүп, сапаты артат", — деди Каримов.
Стоматолог тишке кам көрүүдө таттууну баланын кичине курагынан эле чектөө зарылдыгын кошумчалады.