Радио

Экономист: Кыргызстан Өзбекстан аркылуу Түштүк Азияга чыга алат

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илимий изилдөө кафедрасынын башчысы, экономист Улукман Мамытов соода маршруттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Дүйнөдө Азиянын орду маанилүү роль ойной баштады. Ушундай шартта Кыргызстандын Өзбекстан менен кызматташтыгы бир топ мүмкүнчүлүктөрдү берип, өлкөнүн Түштүк Азияга чыгуусуна жол ачышы мүмкүн. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соода маршруттарын түзүүдө өкмөт туура стратегиялык саясат жүргүзүү аркылуу азыркы геосаясий абалды колдоно алат.
"Соода маршруттарын жакшыртуу, эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу аркылуу гана чоң экономикалык өсүш кылса болот. Бул үчүн мамлекеттер бардык аракетин көрүп келет. Мисалы, жакында өзбек лидери Кыргызстанга келип, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Эки элдин ортосундагы алаканы жакшыртууга чоң кадам жасалды. Эл аралык экономисттер Өзбекстанды Орто Азиянын борборунда жайгашкан перспективдүү мамлекет катары белгилеп жатышат. 30 миллиондук рынок, өнөр жайын эске алуу менен биз алар менен көп долбоорлорду жасасак болот. Дүйнөдө Азия маанилүү роль ойной баштабадыбы. Ушундай шартта Кыргызстандын Өзбекстан менен кызматташтыгы бир топ мүмкүнчүлүктөрдү берип, өлкөнүн Түштүк Азияга чыгуусуна жол ачышы мүмкүн. Алсак, Индия, Иран, Пакистан, Афганстан бар. Соода маршруттарын түзүүдө өкмөт туура стратегиялык саясат жүргүзүү аркылуу азыркы геосаясий абалды колдоно алат",— деди Мамытов.
Ошондой эле адис Түндүк – Түштүк эл аралык транспорттук коридору жаңы логистиканын негизги бөлүгү катары кызмат кылып, жакшы жолдорду ачарын кошумчалады.