Россотрудничество Кыргызстандын мектептерине 20 миң китеп берет

Буга чейин Бишкек, Ош жана Талас облустарынын мектептерине үч миң китеп берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Быйыл Бишкек жана Ош шаарларындагы "Русский дом" борбору мектептерге 20 миң китеп берет. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев билдирди.
1 / 2

Быйыл Бишкек жана Ош шаарларындагы "Русский дом" борбору мектептерге 20 миң китеп берет

2 / 2

Аталган мекеме мындан бир нече күн мурун Эл аралык китеп берүү күнүнө карата мектептерге үч миң китеп белек кылган

Аталган мекеме мындан бир нече күн мурун Эл аралык китеп берүү күнүнө карата мектептерге үч миң китеп белек кылган.

"Биз Кыргызстандын мектептерине китептерди тарата баштадык. Быйыл Бишкек жана Ош шаарларындагы "Русский дом" борбору өлкөдөгү мектептерге жалпысынан 20 миң китеп берет", — деди Альберт Зульхарнеев.

Бишкек жана Ош шаарларындагы "Русский дом" борбору 5-11-класстар үчүн биология, география, математика, алгебра, геометрия, физика, химия китептерин, көркөм адабият, сөздүктөрдү жана орус тили боюнча окуу куралдарын республиканын 8 мектебине тапшырды.
Алар:
"Алтын түйүн" академиясы (Бишкек);
№48 мектеп (Бишкек);
Д. Дүйшөбаев атындагы мектеп (Талас облусу);
Акчал у. Дүйшөн атындагы мектеп (Талас облусу);
Кыргызстандын 40 жылдык атындагы №16 мектеп (Ош);
"Олимп" мектеби (Ош);
С. М. Киров атындагы №4 мектеп (Ош);
Ю. А. Гагарин атындагы №17 мектеп (Ош).
Россия көркөм өнөр багытындагы окуу жайларынан бюджеттик орундарды берүүдө