Радио

Телефонго көз каранды болуп калган баланын белгилери аталды

Психолог Шолпан Мамытова жаш балдар телефонду көп колдонгон учурда убакыттын өтүшү менен ал адат илдетке айланарын айтты.
Sputnik
Барган сайын Кыргызстанда телефонго байланган балдардын саны өсүп, психологго кайрылгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, телефонго көз каранды болуп калган баланы бир канча белгилерден байкаса болот.
"Бала айтканды эмес көргөнүн кылат. Ошол себептен бул жерде эң биринчи кезекте ата-эне баланын көзүнчө телефон ойноп отурбаганга аракет кылышы керек. Интернеттеги оюндардан башка да жандуу, кызыктуу оюндар бар экенин, телефон чукулаганча китеп окуса боло турганын балдарга көрсөтүү шарт. Жеке тажрыйбамда 7 жаштагы баланын телефонго байланып, ал нерсе ооруга айланып, жогорку чегине жетип калганына күбө болгом. Ал башкалар менен контакт түзгөндү да билчү эмес. Ата-энеси кечке жумушта болуп, баланы үйдө жалгыз калтырып койгон экен. Жыйынтыгында ага көңүл бурулбагандыктан, өз дүйнөсүн интернеттен таба баштаган. Буга жеткирбеш үчүн ата-эне баланын курсагын тойгузуп, кийим гана сатып бербестен, аны менен баарлашканы абдан чоң мааниге ээ. Аталар, апалар баланын деңгээлинде сүйлөшүп, анын ички эмоциясы менен эсептешкенди үйрөнүшү керек. Телефон колдонуу ооруга айланып бара жатканын аны көп убакыт пайдалангандан, сабагы начарлагандан, телефонунун заряды өчүп калганда аны токко сайып алып отурганынан, ою бир гана телефондо болуп калганынан, агрессивдүү болуп, бат кыжырданганынан байкаса болот. Баланы бул деңгээлге жеткирбегенге ар бирибиз аракет кылышыбыз зарыл", — деди психолог.
Адис баланын көрүп жаткан видеолорунан анын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билсе болорун кошумчалады.