Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Токтобогон мөндүр сымал. "Град" иштеген учурдун видеосу

Координаттарды алгандан кийин "Град" касташкан тараптардын позициясын көздөй снаряд жаадырган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги "Град" залптык октук реактивдүү тутумунун Украина Куралдуу күчтөрүнүн катылган позициялары менен объектилерин аткылап жаткан видеону жарыялады.
Пилотсуз учуучу аппараттардын аба чалгынын жүргүзүп, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөтөн көзгө байкалбагандай кылып жашыруун жайгашкан позицияларын байкаган. Андан соң аны артиллерия командалык кылган жайга кабарлаган.
Координаттарды алгандан кийин "Град" касташкан тараптардын позициясын көздөй снаряд жаадырган.
"Мээлеген бутага тийип жатабыз. Маанай жакшы. Аягына чейин иштегенге даярбыз", — деген аткычтар взводунун Ива деген каймана аты бар командири.
Сокку ургандан кийин аталган согуштук техника болушунча тез жүрүп, ок чыгарган жерден чыгып кеткендигин көрүүгө болот. Камдап койгон снаряддар менен кайрадан куралданып, жаңы чектерге жөнөгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги Украина аскер күчтөрүнө "Искандерди" колдонгонун көрсөттү