Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча бийликтин чечимине баа берди

Мурдагы мамлекет башчы азыркы бийликтин кадамын тарыхый чечим деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашууга баасын берди.
Ал бийликтин мындай кадамын тарыхый чечим деп атаган.
"Чек араны чечүү аракети туура болгон. Тажикстан менен мамилебизди эске алганда бул өтө чоң жана маанилүү кадам. Чынында кубандырат. Албетте, тарыхый чечим. Дагы жакшы жери коңшу өлкөнүн президенти Мирзиёев. Мен анын Кыргызстанга жана кыргыз элине болгон мамилесин билем. Муну баалашыбыз керек", — деди Атамбаев.
Ошондой эле ал чек ара маселесине каршы чыккан жарандарды камоо туура эмес болуп калганын, анын ордуна бийлик башка ынанымдуу аракеттерди көрсө болмоктугун белгиледи.
Атамбаев: абактан чыгышыма Жапаров, Ташиевдин туура мамилеси таасир этти