Атамбаев Дубайга учуп кетти, андан ары дарыланууга барат

Мурдагы президентти кичүү уулу Кадыр Атамбаев коштоп барат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти. Маалыматты анын тарапташы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков тастыктады.
Атамбаев уулу Кадыр менен бүгүн эртең менен Дубайга учуп кеткен. Андан ары учак которуп Испанияга барышат.
Белгилей кетсек, кечээ Атамбаев журналисттерге берген маалымат жыйында Испаниянын Дубайдагы (БАЭ — ред.) элчиси билет алып, күтүп турганын билдирген. Испаниянын премьер-министри, Социнтерндин лидери Педро Санчес өзү кийлигишип, мыкты дарыгерлерди даярдап жатканын айткан.
Аны менен катар мурдагы президент дарыланып бүтөрү менен дароо кайтып келерин билдирген.
Атамбаев: абактан чыгышыма Жапаров, Ташиевдин туура мамилеси таасир этти