Радио

Касымбеков: коммерциялык уюмдардын көбү жеке маалыматтарды коргобойт

Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмамбет Касымбеков өлкөдө көптөгөн вебсайттардын, мобилдик тиркемелердин купуялуулук саясаты иштелип чыкпагандыктан жарандын жеке маалыматтары жарыяланып кетүү ыктымалдыгы күч экенин айтты.
Sputnik
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик өткөн жылда жарандар, коммерциялык уюмдар жана мамлекеттик органдардын кайрылууларын кабыл алып, 1 800 экспертиза өткөрүп, аларга жооп берди. Бул тууралуу Алмамбет Касымбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик органдарда, коммерциялык компанияларда жеке маалыматтарды коргоодо конфиденциалдуулук кепилдиги толук сакталбай, көбүнесе расмий тилде жарыяланат.
"Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик өткөн жылда жарандар, коммерциялык уюмдар жана мамлекеттик органдардын кайрылууларын, арыздарын кабыл алып, 1 800 экспертиза өткөрүп, аларга жооп берди. Өлкөдө көптөгөн вебсайттардын, мобилдик тиркемелердин купуялуулук саясаты иштелип чыкпагандыктан жарандын жеке маалыматтары жарыяланып кетиши ыктымал. Ар бир компания купуялуулук саясатын документ катары бекитип, сайтка жүктөшү керек. Ал жерде жаран тууралуу кандай информация алынып жатат, кайсынысы ачык көрүнөт, баары көрсөтүлүшү керек. Мындан тышкары, конфиденциалдуулук кепилдиги толук сакталбай, көбүнесе расмий тилде жарыяланат", — деди Касымбеков.
Ошондой эле адис жарандардын жеке маалыматтарын коргоо, юридикалык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иштер каралышы керектигин кошумчалады.