Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке түшкөн акча кайра 14 млн. сомго чыкты

Мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк маянасын которгонуна байланыштуу бир күндө тогуз миллион сом түшкөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Түркияга жардам берүү үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан ачылган атайын эсепке 14 миллион сомго чукул каражат чогулду. Бул туурасында Финансы министрлиги бүгүн саат 10:00гө карата берген маалыматында билдирди.
Белгилей кетсек, аталган ведомство 10-февралда саат 16:00гө карата эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулганын кабарлаган болчу. Бирок кечээ, 13-февралда, жаңылып эсептеп алганын айтып, чынында 5 миллион сомдой гана түшкөнүн маалымдаган.
Ал эми бүгүн атайын эсепке 13 миллион 962,6 миң сом жана 12 550 рубль которулганын билдирди. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бир күндө 9 миллион сом каяктан түшкөнүн сурап, Финансы министрлигинин маалымат кызматына байланышты. Анда алар "мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк айлыктарын которуп жатышат, ошолордон кечээ активдүү келип түшкөндүктөн сумма кескин өсүп кетти" деп жооп беришти.
Табият кырсыгынын кесепетин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттерге сом, доллар жана евро түрүндө которо алат. Атайын эсеп 7-февраль күнү ачылган.
"Айыл Банк" ААКы:
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 "КР Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 – "Учурдагы жардам";
Максаты — Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.
Маалымат үчүн номерлер:
ӨКМ —112;
КР президентинин администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.
Мындан сырткары, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да өзүнчө эсеп ачкан.
Кыргызстан Түркияга министр баштаган үчүнчү куткаруучу топту жөнөттү