Түркияда зилзаладан кийин он миңдеген үйдү түрттүрмөй болушту

Соңку маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан Түркияда 31 миңден ашуун киши каза тапты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жер катуу силкинген 10 аймакта азыр 41 миңден ашуун имарат бузулган же кыйрай турган абалда калды. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн Шаар куруу жана айлана-чөйрө министрлигине таянып кабарлады.
"Жаратылыш кырсыгына кабылган 10 провинцияда тез арада түрттүрүү зарылдыгы жаралган 41 791 имаратты аныктадык", — деп билдирген Мурат Курум Газиантепте болгон брифингде.
Анын айтымына караганда, жогоруда сөз болгон 10 аймактагы имараттарды текшерип, анын өмүргө кооптуулук жаратпаганын баалап аныктоо иштерин бир жумада бүтүрүү пландалууда.
Министр февралдын аягында 10 аймакта курулуш иштери башталарын айтты.
2023-жылдын 6-февралында магнитудасы 7,7 жана 7,6 болгон зилзала эки ирет тогуз саат аралык менен Түркиянын түштүк-чыгышында болгон. Соңку маалыматтар боюнча, жаратылыштын бул кырсыгынан 31 миңден ашуун киши каза тапты.
Түркияда сапатсыз курулушка 134 киши айыпталып, чекесинен кармалууда. Видео