Казакстанда тетик катары кирген оң рулдуу машиналар мыйзамдаштырылып жатат

23-январда Казакстанда чет элдик номер тагылган оң рулдуу машиналарды мыйзамдаштыруу башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Казакстанда автоунааларды мыйзамдаштыруу учурунда машиналардын бир бөлүгү тетик катары киргизилгени аныкталган. Эми аларды дагы мыйзамдаштыруу жүрүп жатат. Бул тууралуу Polisia.kz порталы жазды.
ИИМ автокөлүктөрдү мыйзамдаштыруу учурунда жаралган суроолорду анализдеп жатканы белгиленди.
"Автоунааларды легалдаштыруу учурунда алардын көбү оң рулдуу экени аныкталды. Бул машиналар өлкөгө тетик деп көрсөтүлүп киргизилген. Булар боюнча ИИМ мамлекеттик органдар менен биргеликте алгачкы каттоо механизмдерин иштеп чыккан. Учурда юридикалык жактан каттоого алуу боюнча иштер жүрүп жатат", — деп жазылган порталда. 
23-январда Казакстанда чет элдик номер тагылган оң рулдуу машиналарды мыйзамдаштыруу башталган. Алгачкы 20 күндө 27 миңге чукул автоунаа каттоого алынган. Дагы 65 миң машинаны кийин каттоо үчүн алдын ала текшерүүдөн өткөргөн.
Кыргызстанда дагы оң рулдуу машиналарды мыйзамдаштыруу пландалып жатат.
Оң рулдуу машина жана автобустардын ылдамдыгын чектөө боюнча долбоор