ММКФ: диабет менен жабыркагандар глюкозаны аныктоочу тестти арзандатуу менен алат

Бейтаптар камсыздандыруу статусуна карабастан медициналык кызматтардын базалык пакетин акысыз алууга укуктуу экендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кант диабетинен жабыркагандар кандагы глюкозанын өлчөмүн текшере турган тесттерди 50 пайыздык арзандатуу менен сатып ала алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат кызматы эске салды.
Арзандатылган тесттер фонд менен келишим түзгөн дарыканаларда кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынын алкагында сатылары айтылды.
Мындан тышкары, инсулин алган, кант диабети менен ооруган бейтаптар камсыздандыруусу бар-жогуна карабастан акысыз дары-дармек жана медициналык буюмдарды алууга укуктуу. Тактап айтканда, инсулин жана инсулин шприцтери, беш миллиграммдык глибенкламид препаратынын беш таңгагы (600 таблетка) акысыз берилет.
"Ошондой эле үй-бүлөлүк медицина борборлорунда катталган кант диабети менен жабыркаган бардык бейтаптар камсыздандыруу статусуна карабастан медициналык кызматтардын базалык пакетин (кабыл алуу, консультация, лабораториялык диагностикалык текшерүү жана 11 анализдин түрү) акысыз алууга укуктуу экенин эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат алуу үчүн 113 номери аркылуу байланышууга болот.
Жалгыз бой адамдар кант диабетине көбүрөөк кабылат. Жаңы изилдөө