Дарыгерлер эхинококкозду алдын алуу жолдорун эскертишти

Эхинококкоз адамдын боорун, өпкөсүн, жүрөгүн жана мээсин жабыркатышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору эхинококкоз, анын жугуу жолдору жана дартты алдын алуу боюнча маалымат жарыялады. Бул багыттагы суроолорго борбордун эпидемиологу, профилактика жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Айжаркын Эгембердиева жооп берген.
Эхинококкоз деген эмне?
Адамдын организмине эхинококкоз (эхинококк курттары) курттарынын личинкалары кирген оору. Убакыттын өтүшү менен ал эхинококк кисталарын пайда кылат. Курттардын көлөмү бир нече миллиметрден ашпайт, жакшылап карасаңыз аларды көз менен көрүүгө болот.
Эхинококкоз кандай жолдор менен жугат?
Инфекция негизинен үйдө жана кой, уй, чочко, жылкы, ит, карышкыр, түлкүдө болушу мүмкүн. Жетилген личинка жаныбарлардын заңы менен кошо бөлүнүп чыгат. Кээде ал малдын, иттин жүнүнүн арасында да жүрөт. Мал карап, итти сылап келген соң колду жуубай коюу ооруну пайда кылышы мүмкүн. Инфекция мөмө-жемишти тергенде, чөп оргондо же зыяндуу курттардын жумурткалары бар суудан ичкенде да ичке кирип кетиши мүмкүн.
Белгилей кетчү нерсе — эхинококкоз менен ооруган адам айланасындагы адамдар үчүн коркунучтуу эмес. Ал өбүшүү аркылуу да, жыныстык катнаш аркылуу да, чогуу жашаган учурда да жукпайт.
Бейтаптын кайсы органдары жабыркайт?
Эхинококкоз адамдын ички органдарын: боор, өпкө, жүрөк, мээсин жабыркатат.
Ооруну алдын алуу жолдору
Мал чарбачылыгы, аңчылык менен алектенген адамдар, алардын үй-бүлөсү биринчи кезекте гигиеналык эрежелерди так сакташы керек. Мал карап келгенден кийин, дааратканадан соң, тамактануу алдында колду самындап жууганга көнүү зарыл. Сууну кайнатып ичүү да ооруну алдын алууга жардам берет. Этте эхинококк личинкалары болуп калышы мүмкүн, андыктан этти жакшылап бышыруу сунушталат. Балдар демейде ит, мышыкты кучактап, ал тургай кээде өбө калганга көнгөн, балдардын бул адатын таштатуу туура.
Мите курттар адамдын канын азайтып, алсыратат. Адистин маеги