УКМК: мурда соттолгон, элден акча талап кылып келген депутат кармалды. Видео

УКМК кармалган депутаттын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдардын кайрылуусун суранып, телефон номерлерди жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Ай айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты ошол аймактагы элге күч колдонуп, коркутуп, акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келгени үчүн кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ж.Ж.С. күч колдонуп, коркутуп, жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген. Рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Бул кишинин мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан тарта ар кыл кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин маалымат борборунун автоматташтырылган базасынын каттосунда турганы аныкталган.
Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жана тергөө жүргүзүлүп жатканы айтылды. УКМК кармалган депутаттын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарттым деген адамдарды 03722 56049, 03722 54961 номерлерине кайрылууну суранды.
Жалал-Абадда 3 млн. сомдой опузалады деп кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео