БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эртең Испанияга дарыланууга кетет. Бул тууралуу ал үйүнө келгенден кийин журналисттерге билдирди.
"Азыр эле Кадыр уулум айтты Испаниянын Дубайдагы (БАЭ — ред.) элчиси чалып эртеңкиге билеттер алынганын билдириптир. Испаниядагы эң мыкты дарыгерлер күтүп жатканын айтыптыр. Эртең кетем. Сюрприз болбосун, ачык айтып коёюн. Испанияга рахмат, премьер-министри Педро Санчес баш болуп жардам берип жатат. Кээ бир адамдар "ушуну менен Атамбаевден кутулдук" деп ойлобосун. Айыгарым менен бат эле келем", — деди Атамбаев.
Ошол эле учурда тарапташы Темирлан Султанбеков Испаниянын премьер-министри атайын учак жиберейин дегенде баш тартып коюшканын кошумчалады.