Атамбаев: абактан чыгышыма Жапаров, Ташиевдин туура мамилеси таасир этти

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
Атамбаев бүгүн абактан чыгарына башында ишенбей отурганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгышы үчүн бийлик башчылары менен сүйлөшүү болдубу деген суроого жооп берди.

“Испаниянын премьер-министри жана Социнтерндин башчысы (социалдык-демократиялык эл аралык бейөкмөт уюм) урматтуу Педро Санчес абдан киришти. Бирок, албетте, биздин президент (Садыр Жапаров) болбогондо, Камчыбек Ташиев болбогондо... Алар жагынан да туура мамиле болду”, — деди Атамбаев.

Андан соң журналисттер кандай туура мамиле болгонун тактап сурашты.
“Эми чыктым да, бүгүн деле бошотуларыма ишенбей жаткам. Үйдөгүлөргө келбегиле деп айткам. Анткени 2020-жылы да ушундай болгон. Жогорку Сот чечимин жокко чыгарып туруп да бошотпой койгон. Азыр да ошондой болобу дегем. Эми мамиле мындай да... Жаңы бийлик келгенден кийин түрмөнүн деле шарты башкача болду. Жок дегенде жалгыз бир бөлмөгө камабайт, шоу кылбайт”, — деди Атамбаев.
Белгилей кетсек, Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу өкүм жокко чыгарылып, Алмазбек Атамбаевдин ишин кайрадан кароо үчүн жиберген. Анын негизинде үч жарым жылдан кийин бүгүн абактан бошотулду. Саясатчы Кой-Таштагы үйүнө келгенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Бир чоң ката кетириптирмин. Алмазбек Атамбаев журналисттер тууралуу