Бир чоң ката кетириптирмин. Алмазбек Атамбаев журналисттер тууралуу

Атамбаев ЖМКлар аркылуу кыргызстандыктарга колдоосу үчүн рахматын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бүгүн, 14-февралда, абактан чыккан Алмазбек Атамбаев журналисттерге ыраазычылыгын билдирди.
Мурдагы президент убагында айрым ЖМКларды сотко бергенин өкүнүү менен эстеди.

"Мен биздин журналисттерге дагы ыраазымын. Жалпы жонунан так чагылдырып жатышты. Мен убагында сотко берген ЖМКлар да объективдүү маалыматтарды беришти. Журналисттерге, редакцияларга ыраазымын. Прессанын эркиндиги болуш керек. Мен сотко берип жатканда бир чоң ката кетириптирмин. Ошондо президент экенимди эске албай койгон экем. Президенттер сотко бербеш керек. Себеби биздин соттор күчтүү тараптын пайдасына чечим чыгарып коёруна көзүм жетти", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле ЖМКлар аркылуу кыргызстандыктарга колдоосу үчүн рахматын айтты.
Эске салсак, бүгүн, 14-февралда, Жогорку Сот адвокат Замир Жоошев менен Сергей Слесаревдин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Чечим даттанууга жатпайт.
Ага ылайык, Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу чыгарылган чечим жокко чыгарылып, иш кайрадан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди.
Атамбаев Молдовановкадагы абакта ушул иш боюнча кармалып турган. Чечим жокко чыгарылганына байланыштуу мурдагы президент эркиндикке чыкты.
Алмазбек Атамбаев түрмөдөн чыкты. Учурда эмне болуп жатат?