Радио

Кыргызстанда 5G тесттик режимден ийгиликтүү өттү

Санарип министрлигинин байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мониторинг жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Асел Иманалиева өлкөдө интернетке болгон баа 5-6 жылдан бери туруктуу сакталып келерин айтты.
Sputnik
Кыргызстан интернети эң арзан мамлекеттердин катарына кирет. Аналитикалык агенттиктердин маалыматына таянсак, дүйнөдө Израилден кийинки экинчи орунда турат. Бул тууралуу Асел Иманалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 5G интернетин тестирлөө ийгиликтүү аяктады.
"Былтыр сентябрдан тарта Бишкек жана Ош шаарларынын белгилүү бир жерлеринде 5G технологиясы сынамык иретинде иштеп келген. Учурда ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Биз иштин жүрүшүндө интернеттен материалдарды жүктөп алууда жана башка кадамдарда өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн жогору экенин байкадык. Мындан сырткары, добуштук сапаты жакшырып, чоң маалыматтарды жеткирүүдө токтоп, катып калган учурлардын аздыгы катталды. Эми алдыда өндүрүштүк аракеттер жасалышы керек. Учурда атайын комиссиянын чечимин күтүп жатабыз. 5G технологиясынын кириши өлкөдөгү байланыш тармагынын сапатын дагы бир баскычка жогорулатат деп ишенебиз. Азыркы учурда Кыргызстан дүйнөдөгү интернети арзан мамлекеттердин катарына киргени менен 5G таратылган эмес эле", — деди Иманалиева.
Ал 5G технологиясы адамдардын саламаттыгына же экологияга терс таасирин тийгизет деген божомолдор чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.