15-февралга карата аба ырайы

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү республиканын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3...+8, Талас жергесинде +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...+5, ал эми Нарында 0...-5 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +6...+8 жана Ош калаасында +5...+7 градусту көрсөтөт.
Түркияда зилзаладан кийин он миңдеген үйдү түрттүрмөй болушту