Зилзаладан жабыр тарткан Түркия менен Сирияга жардам берилүүдө. Видео

Зилзаладан жабыр тарткан Түркияга, Сирияга жардам берүү уланып жатат. Бул өлкөлөргө жакынкы чет мамлекеттердин ар тараптан кол сунганы, көмөктөшкөнү боюнча видеону окурмандарга сунуштайбыз.
Sputnik
Түркиядагы трагедиянын очогуна биринчилерден болуп Россия, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Азербайжандан куткаруучулар келишти. Алар урандылардын астынан адамдарды алып чыгып, медициналык жардам көрсөтүшүүдө. Мындан сырткары, азык-түлүк, жылуу кийимдерди, атайын жабдууларды, дары-дармек жеткирип жатышат.
Өзбекстан, Тажикстан, Армения, Грузия жана Молдованын да куткаруучулары жардам берүүдө. Адистер чоочун жерде аба ырайынын катаал шартына карабай күнү-түнү иштеп жатышат.
Алар бир нече адамдарды уранды алдынан сууруп чыгып, андан сырткары, шейит кеткендердин сөөгүн алып чыгып жатышат.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралында эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин түш ченде да катуу силкинген. Жер титирөөнүн эпкини Сириянын Алеппо, Латакия жана Тартус провинцияларына тийип, адам өмүрү кыйылып, кыйроолор катталган.
Соңку маалыматтар боюнча, зилзаланын кесепетинен Түркияда набыт болгондор 29 миңден ашты, Сирияда 8,5 миңге жетти.
Түркияга жөнөтүлгөн боз үйлөрдү ал жактагы мекендештер тигип жатат. Видео