Түркияга жардам үчүн 12 млн. эмес, 5 млн. сом чогулган. Министрлик жаңылганын айтты

Үч күн мурда министрлик адашып эсептеп алганын моюндады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Түркияга жардам берүү үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан ачылган атайын эсепке 5 миллион сомдой гана чогулган. Финансы министрлиги буга чейин туура эмес маалымат таратып алганын билдирди.
Белгилей кетсек, аталган ведомство 10-февралда саат 16:00гө карата эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулганын кабарлаган болчу.

"Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, бизге валютасы (сом, рубль) белгиленбей таблица түрүндө отчет берилген. Ушуга байланыштуу кечирим сурайбыз. Жаңы такталган маалымат боюнча, 13-февраль саат 10:00гө карата жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган эсепке 4 миллион 958 миң 834 сом жана 12 550 миң рубль чогулду", — деп билдирди маалымат кызматы.

Табигат кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттерге сом, доллар жана евро түрүндө которо алат. Атайын эсеп 7-февраль күнү ачылган.
"Айыл Банк" ААКы:
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 "КР Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 – "Учурдагы жардам";
Максаты — Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.
Маалымат үчүн номерлер:
ӨКМ —112;
КР президентинин администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.
Мындан сырткары, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да өзүнчө эсеп ачкан.
Кыргызстандык куткаруучулар бир жума уранды алдында жаткан кишини куткарды. Видео