БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарына барганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет жетекчисинин учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген. Өлкө башчыны Венгриянын президенттик администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында Жапаров Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.
Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылганы айтылды.