БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Румыниянын түштүк-батышында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болгонун РИА Новости Румыниянын Жер физикасын өнүктүрүү боюнча улуттук изилдөө институтуна шилтеме берүү менен билдирди.
"Олтенияда (Горж округу) 16:58де (Бишкек убактысы боюнча 20:58де) күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө 15 чакырым тереңдикте катталган", — деп айтылат институттун сайтында.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок. Жер титирөө Румыниянын борборунда гана эмес (жер титирөөнүн очогунан 207 чакырым алыстыкта), коңшулаш Молдовада да сезилген.