Облустук ЖКККБнын жетекчилери ротацияланды

Жаңы жетекчилер кызматтык милдеттерин 13-февралдан тарта аткара баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) ИИМ жетекчисинин буйругунун негизинде аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерин ротациялады.
Тизме:
Ысык-Көл облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) жетекчиси Бактыбек Жангабылов Нарын облусуна которулду;
Бишкектик патрулдук милициянын жетекчиси эми Талас облустук ЖКККБны жетектейт;
Таластагы бөлүмдү башкарган Максат Барпиев Ысык-Көлгө которулду;
Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Узакбек Шергазиев Ош облустук ЖКККБнын жетекчиси болду;
Ош облустук ЖКККБ жетекчиси Авазбек Досов Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарат;
Нарын облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Жакыпбек Жумаев кызматынан төмөндөтүү менен иштен бошотулган. Учурда ЖКККББнын кадр резервинде.
Жаңы жетекчилер кызматтык милдеттерин 13-февралдан тарта аткара баштады.
ИИМ: шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери ротацияланат