Экономика жана коммерция министрлиги 2023-2026-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасынын долбоорун иштеп чыкты. Максаты — өлкөнүн экспорттук потенциалын жана улуттук продукциялардын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул тууралуу Нурлан Жусумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, программада Кыргызстанда жасалган продукциянын эл аралык аренада таанылышын жогорулатуу боюнча шарттарды түзүү милдети коюлду.
"Экспорттук программада текстиль жана тигүү, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк, зергер буюмдары, бут кийим, мөмө-жемиш жана жашылчалардан жасалган даяр өндүрүм, жаңгак, буурчак, бал, сүт, эт, балык азыктары, ошондой эле алкоголсуз суусундуктар, анын ичинде улуттук суусундуктар өӊдүү экспорттук товарларга басым жасалат. Программа секторлор аралык ыкмада колдонулат. Башкача айтканда, жалпы максатка жетүү үчүн түрдүү секторлор жана аймактар өз ара иштешет. Программанын түзүмү экспортко дем берүү, илгерилетүү жана сооданы жеңилдетүү, сапаттуу инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү, финансылык ресурстарга жетүү сыяктуу секторлор аралык тармактарды камтыйт. Учурда программанын долбоору коомдук талкууга коюлду. Биринчи кезекте экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик механизмдерди күчөтүү милдети коюлду. Анда экспортту өнүктүрүү боюнча натыйжалуу адистештирилген мамлекеттик институтту түзүү, экспорттук акселерациялык программанын катышуучуларынын реестрин түзүү пландары бар. Экспорттук консалтинг, соода аналитикасы жана экспортту илгерилетүү маселелери боюнча кызматкерлерди окутуу да каралган", — деди Жусумалиев.
Ал жыл соӊунда ар түрдүү секторлордун жана региондордогу ишкерлердин экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында "КР мыкты экспортёру" сынагын өткөрүү мерчемделгенин кошумчалады.