Кыргызстан Түркияга министр баштаган үчүнчү куткаруучу топту жөнөттү

49 боз үй жана медикаменттер дагы жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстан жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Түркияга дагы 35 адамды жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Куткаруучу топту өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жетектейт. Бул топтун курамында 29 куткаруучу, үч медик жана боз үй тиккен үч адам бар.
1 / 4

Кыргызстан жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Түркияга дагы 35 адамды жөнөттү

2 / 4

Куткаруучу топту өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жетектейт

3 / 4

Бул топтун курамында 29 куткаруучу, үч медик жана боз үй тиккен үч адам бар

4 / 4

Гуманитардык жүк дагы жөнөтүлгөн. Анда 49 боз үй жана медикаменттер бар

Гуманитардык жүк дагы жөнөтүлгөн. Анда 49 боз үй жана медикаменттер бар.
6-февраль күнү Түркияга Кыргызстандан 63 кишиден турган куткаруучу топ жана үйрөтүлгөн эки ит жөнөтүлгөн. Кечээ күнү дагы ӨКМдин 80 кызматкери, үч медик барган. Атайын борт 78 боз алып барган. Издөө жана куткаруу иштерине жалпы жонунан ӨКМдин 170 кызматкери тартылды. Алар уранды алдынан төрт адамды алып чыгышты. 106 адамдын сөөгү дагы табылган.
Зилзаладан жабыр тарткан Түркия менен Сирияга жардам берилүүдө. Видео