Оң рулдуу машина жана автобустардын ылдамдыгын чектөө боюнча долбоор

ИИМдин өкүлдөрү бул демилгени биринчи ирет көтөрүп жаткан жок.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. ИИМ оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматында иштөөгө жана жүк ташууга тыюу салууну сунуштап жатат.
ИИМдин өкүлдөрү бул демилгени биринчи ирет көтөрүп жаткан жок. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
ИИМ жол кырсыктарын азайтуу үчүн ушундай чечим кабыл алуу керектигин белгилеп келет.
Мындан тышкары, министрлик автобустардын ылдамдыгын чектеген жабдыктарды орнотууну сунуштады. Башкача айтканда, бул нерсе милдеттүү түрдө аткарылышы керек болот. Ансыз автобустар каттамга чыгарылбайт.
ИИМ бул нерсе айдоочуларды эл жашаган жерде саатына 60 чакырым, эл жашабаган жерлерде саатына 90 чакырым менен жүрүүгө аргасыз кылат деп эсептейт.
Бул нормага сегизден ашык орду бар жана салмагы беш тоннадан ашык (М3 категориясы) автобустар туш келет. Белгилей кетсек, маршруткалар М2 категориясына кирет (автонун салмагы беш тоннага жетпейт).
Тыштан машина ташыгандар Бажы кызматынын алдына митингге чыгышты