Өткөн жылы Кыргызстанга 2,9 млрд. доллар которулган

Өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу 172 миллионго көп каражат которулду. Бир нече мамлекеттен келген каражаттын көлөмү өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 928,2 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Кеп акча которуу системасы аркылуу жөнөткөн жеке жактар тууралуу болуп жатат. Белгилей кетсек, каражат ар кандай валютада которулган. Бирок Улуттук банк доллар менен эсептеп көрсөтүүдө.
Буга чейин эң чоң көрсөткүч 2021-жылы болгон. Анда өлкөгө которулган каражаттын суммасы 2 миллиард 756,2 миллион долларды түзгөн (мындан ары да доллар менен көрсөтүлөт).
Өткөн жылы Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн акча которулган:
Россия — 2 миллиард 780,2 миллион (2021-жылга салыштырмалуу 98,3 миллионго көп);
АКШ — 54,9 миллион (+11,8 миллион);
Түркия — 12,9 миллион (+12,1 миллион);
Казакстан — 9,5 миллион (+3,9 миллион);
Улуу Британия — 6 миллион (+4,9 миллион);
Германия — 4,7 миллион (+3,8 миллион).
Дагы 60 миллионго жакын доллар башка мамлекеттерден которулган.
Кыргызстандагы банктар өткөн жылы 5 эсе көп киреше тапты