Казакстанда окуучу мектебине балта менен кол салып, үч бала жаракат алды

Жабырлануучулар дароо ооруканага жеткирилген, баарынын абалы жакшы.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Казакстандын Петропавловск шаарында 9-класстын окуучусу өз мектебине балта менен кол салып, үч бала жаракат алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Аталган окуя №4 мектепте бүгүн эртең менен болгон.
"Эки окуучу балдар ооруканасында жатат, алардын башынан жана билегинен жаракаты бар. Үчүнчүсүнө жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү", — деп билдирген Билим берүү башкармалыгы.
Социалдык тармактарда өспүрүм бычак дагы көтөрүп келгенин жазышууда. Ал ажатканага барып кийимин алмаштырып, бет кап тагынып келип анан кол салган деген маалымат бар.
Кийинчерээк Түндүк-Казакстан облусунун прокуратурасы бардык жабырлануучулар балдар ооруканасына жеткирилип, абалы жакшы экенин кабарлаган. Мындай ишке барган окуучу психиатриялык каттоодо турганы айтылды.
Милиция Ноокаттагы кафеде жаш баланы сабаган окуянын чоо-жайын айтты