Бет барбы силерде?! Депутат президентти тегерегиндегилер уят кылып жатканын айтты

Эл өкүлү министрликтердин сөзү эки башка чыгып жатканына ачуусу келди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президентти айланасындагы сабатсыз министр, кеңешчилер уят кылып жатканын билдирди.
Бүгүн парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде Чек арадагы өткөрүү пунктуларында мамлекеттик көзөмөл маселелери боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү долбоору каралган.
Анда эл өкүлү министрликтердин сөзү эки башка чыгып жатканына ачуусу келди.
"Силер кандай өкмөтсүңөр, бири-бириңер менен координацияңар жок. Президентти, бизди уят кылып жатасыңар. Алып келген мыйзам боюнча бир министрлик экинчисине каршы чыгып атат. Уят, бет барбы силерде? Анан кантип колдоп беребиз? Алып келерден мурун Айыл чарба, Транспорт, Саламаттык сактоо министрликтери, Бажы кызматы, өзүңөрчө сүйлөшпөйсүңөрбү. Бул жакка алып келип анан башты оорутуп жатасыңар. Иштесеңер жакшынакай болуп иштегиле да. Ушул сөздүн баарын ушул жерде айтыш керек беле?.. Баяндамачы жакшы түшүндүрө албай жатат, даярданып келиш керек да кичине. Президентти тегерегиндеги сабатсыз министрлер, кеңешчилер уят кылып бүтмөй болдуңар. Жакшы иштеринин баарынын ит акмагын чыгардыңар. Урматтуу Садыр Нургожоевич, мындай иштерди жасап, буларды өзгөртүү зарыл деп айтышыңар керек да. Антпейсиңер, жадагалса бири-бириңер менен координацияңар жок. Анан айтса эле жаман көрөсүңөр, жаман көрсөңөр жармаңарды бербей эле койгула", — деди Түлөбаев.
Ошондой эле депутат өкмөт мүчөлөрү өз ара келише албай жатса, мыйзам долбоору сегиз фракциядан турган парламенттен колдоо таппай турганын кесе айтты.
Мамкурулуштун башчысынын жана орун басарынын тийиштүү билими жок болуп чыкты