Алмазбек Исманкулов эки айга тергөө абагына киргизилди

Буга чейин дарыгер менен мэриянын кызматкерлери мамлекетке 93,2 миллион сом зыян келтиргени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. "Көз микрохирургиясы" госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловдун баш коргоо чарасы тандалып, эки айга тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Аталган чечим Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылып, Исманкулов 9-апрелге чейин №1 тергөө абагында кармала турган болду.
Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу эки айга үй камагына алынган.
Тиешелүү сунуштар Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан берилип, сот канааттандырганы белгиленди.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан ижара акысын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз берилип, мамлекетке 93,2 миллион сом зыян келтирилгени айтылган. Бул факты боюнча прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, 9-февралда Исманкулов менен Рыскулбек уулун кармаган.
УКМК: Аксыда акушер-гинеколог опузалап акча алып жатканда кармалды. Видео