14-февралга карата аба ырайы

14-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас аймагында 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +2...+7 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө 0...-5 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +4...+6 градуска жетет.
Радио
Мэрия отканаларды иштетүүдө көмүрдөн баш тартууну пландап жатат