Ысык-Көлдө катуу суук болобу? Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Апта ичинде мезгил-мезгили менен кар жаайт, бирок катуу суук түшпөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бул аймакта 13-февралда күн ачык турат, 14-15-февралда тоолуу райондордо кар жаайт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
16-февралда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 17-февралда күндүз жана 18-19-февралда айрым жерлерде кар жаашы болжолдонду.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Шейшембиден тарта күн бир аз жылый баштайт.
Чүйдө кийинки аптада күтүлүп жаткан аба ырайы